Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадинин абалы начарлап кеткени кабарланды
Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммадинин ден соолугу кескин начарлап жатканын анын жолдошу Таги Рахмани билдирди.
Рахмани 1-апрелде Парижден Азаттыктын «Фарда» кызматына телефон аркылуу маек берген.
Анын айтымында, Мохаммади учурда өпкө жана жүрөк ооруларынан жабыркап, башы ооруп, көрүүсү начарлап, кыйналып жатат. Наргизге Зенжан түрмөсүнүн тышкары атайын ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүшү керек экенин Рахмани кошумчалады.
31-мартта Free Narges коалициясы...