Ысык-Көлдө орусиялык Су-25 учагынан машыгуу маалында ок-дары түшкөнү кабарланды
Кыргызстандын Коргоо министрлиги окуу-машыгуу маалында Орусиянын Су-25 учагынан ок-дары жерге түшкөнүн тастыктаганын АКИpress агенттиги жазды.
Басылма Коргоо министрлигинин расмий түшүндүрмөсүн жарыялады.
Анда 31-мартта болжол менен саат 17:25 чамаларында Кант шаарындагы орусиялык авиабазанын Су-25 учагы аскердик машыгуу маалында окуу-машыгуу үчүн колдонулган ок-дарылар жерге түшүп кеткени айтылат. Ок-дары талаага түшүп, эч ким жабыркабаганы кабарланды.
Түшүндүрмөдө Орусиянын Аскер аба күчтөрү атайын комиссия түзүп...