Депутат Култаева бийликти сөз эркиндигин сактоого чакырды
Сөз эркиндигин сактоо маселесин Жогорку Кеңеште бүгүн 1-апрелде депутат Гүлшаркан Култаева көтөрдү. Ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевге кайрылып, бийлик сөз эркиндигин камсыздашы керек экенин, ошол эле учурда жарандарга коркунуч алып келбеген, туура, так маалыматтар менен камсыздашы зарылдыгын айтты.
Депутат "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 5-беренеси боюнча иштөөдө социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында коомчулукка зыян келтирген посттор...