Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 учагы кулап, 30 киши каза тапты
Орусия аннексиялап алган Крымда Ан-26 аскердик учагы кыйрап, 30 киши каза тапты.
Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен ТАСС жана "Интерфакс" билдирди.
Кийинчерээк Орусиянын Тергөө комитети борттогу 30 кишинин жетөө экипаж мүчөсү, 23ү жүргүнчү экенин тактады.
Мекеме буга чейин 31-мартта кечки саат 18.00гө чукул пландык учууну аткарып жаткан учак менен байланыш жоголгонун жарыялаган.
Учактын калдыктарын издөө-куткаруу тобу тапкан. Орус Коргоо министрлиги кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу ыктымал экенин билдирди.