Бишкек: 1-класска окуучуну катталган жериндеги мектеп гана кабыл алат
2026-2027-окуу жылына 1-класска балдарды каттоодо Бишкек шаары үчүн өзгөчөлүктөр кирди. Агартуу министрлиги кабарлагандай, 1-апрелден башталган биринчи баскычта 1-класска балдарды киргизүү жол-жобосу Бишкек шаары үчүн өзгөртүлдү.
Министрликтин мектептеги билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулмановдун журналисттерге билдиргенине караганда, зоналдык микроучасток деген жобо быйылкы жылга Бишкек шаарынан алынды:
"Быйыл Бишкектеги ата-энелер балдарын 1-класска өздөрү жашаган микроучастогуна тиешелүү мектепке гана каттайт.