Айтилек Орозбаевдин видеолоруна комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалат
Бишкектин Свердлов райондук соту 1-апрелде тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековдун иши боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, блогердин соцтармактардагы видеолоруна комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалышы керек.
Адвокат Жаныш Бараковдун "Азаттыкка" түшүндүргөнүнө караганда, комиссиялык-лингвистикалык экспертиза дайындалып, иш кайрадан каралат.
Буга чейин блогердин постторуна прокуратуранын лингвисттери экспертиза жүргүзүшкөн.