"Кыргызнефтегаз" иши: ИИМ мамлекетке 4,1 млрд сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирди
Ички иштер министрлиги 1-апрелде "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга байланышкан иш боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Буга чейин ИИМ УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалганын кабарлаган.
Мекеме соңку маалыматында: "Тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.