Нижнекамск заводундагы жарылуудан кийин тогуз киши дайынсыз болууда
Орусиянын Нижнекамск шаарындагы химия заводунда болгон жарылуу жана андан кийин тутанган өрттөн соң тогуз адам менен байланыш жок болуп, аларды издөө иштери жүргүзүлүүдө.
«Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана “Нижнекамскнефтехимдин” бардык күчү аларды издеп табууга жана куткарууга багытталды», — деп айтылат ишкана тараткан билдирүүдө.
Окуя 31-мартта болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, синтетикалык делим өндүрүшүндө «азырынча аныктала элек булактан» газ аралашмасы тутанып, жарылуу болгон. Анын күчү катуу болгондуктан...