Ошто үй өрттөнүп, бир киши набыт болду
Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги жер үйдө чыккан өрттөн бир адам набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, өрт тууралуу маалымат 1-апрелге караган түндө саат 00:31де жергиликтүү өрт өчүрүү кызматына түшкөн.
Эки өрт өчүрүүчү бөлүк отту саат 00:52де чектеп, түнкү саат үчтө толук өчүрүшкөн.
Өрт кырсыгынан 69 жаштагы эркек киши каза болгон. Кырсыктын себеби иликтенип жатат.
5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз...