Бишкек – Кара-Балта жолунда автокырсык көбөйгөн маселе парламентте көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза Бишкек – Кара-Балта жолунда автокырсык көбөйүп, адам өмүрүн алган окуялар көп катталып жатканы тууралуу маселе көтөрдү.
Парламенттин 1-апрелдеги жыйынында ал ылдамдыкты ашырууга тыюу салган көзөмөл камераларын көбөйтүүнү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн өтүндү.
"Бул жолдо адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары аябай көп катталып жатканын жашоочулар улам айтып келишет. Ошондуктан Бишкек – Кара-Балта жолундагы унаа ылдамдыгын көзөмөлдөгөн камераларды көбөйтүү керек.