WSJ: Трамп Ирандагы согушту токтотууга даяр
АКШнын президенти Дональд Трамп жардамчыларына Ормуз кысыгы жабык болгон күндө деле Иранга каршы аскердик операцияларды токтотууга даяр экенин айтты.
Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити Ак үйдүн өкүлдөрүнө шилтеме берип жазды.
Трамп жана анын кеңешчилери кысыкты жырып кирүү боюнча операция жаңжалды курчутуп, создуктурат деген тыянакка келишкени кабарланды.
Президент Кошмо Штаттары Ирандын флотуна, ракета запастарына сокку уруу боюнча өзүнүн негизги максаттарына жетип, аскердик аракеттерди токтотуу керек деген чечимге келген.