Татарстанда заводдогу жарылуудан эки киши каза таап, ондогону жараат алды
Татарстандагы "Нижнекамскнефтехим"заводундагы жарылуудан эки киши каза таап, кеминде 50сү жараат алды.
Жардырууга жабдыктардын ишинин үзгүлтүккө учурашы себеп болгону болжолдонууда. Андан улам жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.
Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев заводдогу өрттү чектөө аракети көрүлүп, жумушчулар эвакуацияланганын билдирди.
Күбөлөр терезелер талкаланып, химиялык заттын жыты жыттанып жатканын айтып жатышат. Бийлик элге коркунуч жок деп ишендирүүдө.
Нижнекамскинин аэропорту убактылуу ишин токтотуп...