Улуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасады
Улуттук банк 30-мартта быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасап, валюта базарына 178 миллион 900 миң доллар сатты.
Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 10-мартта базарга 140 миллион доллар саткан. Ага чейин 19-январда 134 миллион 50 миң, 6-февралда 109 миллион 950 миң доллар жана 27-февралда 162 миллион 550 миң долларды валюта базарына чыгарган.
Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.
Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун...