Климаттык оош-кыйыш: Кыргызстанды кыйын кырдаал күтөбү?
Кыргызстанда 1992-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү жана жакынкы жылдары дагы жогорулашы мүмкүн. Мындай климаттык оош-кыйыштын айынан өлкөдө жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал. Изилдөөлөргө ылайык, Талас шаарын, Кочкор менен Тогуз-Торо райондорун ташкын суу каптоо коркунучу жогору. Өлкөдө буга чейин адам өлүмү менен коштолгон ири табыгый кырсыктар катталган. Ушул тушта кооптуу аймактардан жүздөгөн адам көчпөй жашап келет. "Азаттык" климаттык өзгөрүү...