Ош көчөсүнүн курулушу башталды
Ош шаарында Манас Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Калаа мэриясынын маалыматына караганда, мэр Жанарбек Акаев жол шаар үчүн эң маанилүү жана артыкчылыктуу жолдордун бири экенин белгиледи.
Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Ж.Раимбеков көчөсүнөн Т.Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Ошондой эле Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча жолдордун бири болуп кызмат кылат.
Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин кеңейтилет.