Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт
2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба табынын ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
31-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.