Президенттин администрациясы Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштады
Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу Президенттик администрация кабардар.
Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”...