"Кыргызстан улуттук электр тармагы" Кытайдан акылдуу эсептегич сатып алат
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайга иш сапарынын алкагында Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга 300 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу атаган министрликтин басма сөз кызматы 29-мартта кабарлады. Алдыда дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 миң 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.