Абдыкеримов Ташиевге жооп берип, маалыматтар текшериле баштаганын айтты
Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазды.
“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен факты жөнүндө айтып жатат. Менин кызымдан Томми борборун тартып алдыңыз. Менин балдарымдын батир, кеңселерин тартып алдыңыз.