29-марттын аба ырайы: Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан жаайт
2-апрелге чейинки күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
29-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорунда кар жаайт.