Ташиевдин уулу президентке кайрылган ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты.
Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады.
"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген...