Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды
Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту" мамлекетке алып, Соцфондго бекитип берүү чечими адилеттүү болгонун айтты.
"Мен мурда кетирген каталарым үчүн жоопкерчиликти мойнума алам жана муну адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө кошкон салымым катары карайм.