Мирзиеев Трамптан G20 саммитине чакыруу алганы маалымдалды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптан «Тынчтык кеңешинин» эмки жыйынына жана быйыл декабрда Майамиде өтчү Чоң Жыйырманын (G20) саммитине катышуу чакыруусун алды. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, өз катында америкалык лидер «Өзбекстан жетекчисинин «Тынчтык кеңешинин» бетачар жыйынына катышуусун жогору баалаганын жана Өзбекстанга баруу чакыруусуна ыраазычылыгын билдирген».
Буга чейин Казакстан...