Улуттук банктын мурдагы төрагасы Тургунбаевдин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалып алынды
Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин бөгөт чарасын 26-марттын кечинде карады. Ага карата баш коргоо чарасынын үй камагы тандалганын аталган соттон "Азаттыкка" билдирди.
Сотто тергөө тобунун жетекчиси, ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганы белгиленди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексиинин "Коррупция" беренеси боюнча шектелип жаткан Тургунбаевге карата үй камагы...