Кемпир-Абад иши: Шаардык сот актоо чечимин чыгарды
Бишкек шаардык сотунда 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум өтүп, чечим чыкты. Судьялар Адис Момуналиев, Сүйүнбек Бекташов жана Нурлан Эсенбаев карап жаткан иш боюнча айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты.
Жыйынтыгында соттор коллегиясы райондук соттун актоо өкүмүн күчүндө калтыруу тууралуу чечимин окуду.
Шаардык сотко Кемпир-Абад иши 2024-жылдын август айында түшкөн.
Мунун алдында прокурорлор ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүнүү өтүнгөн.
25-марттагы соттук отурумда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы...