Бишкекте номуру орусиялык унаа айдоочулары каттоо мөөнөтүн узартууну суранышты
Бүгүн, 27-мартта орусиялык номерлүү автоунаанын 40ка жакын айдоочусу Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакка чогулуп, машинени мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранышты. Алгач абхаз, армян номерлүү унаа легалдаштырылып, аларга убакыт, кезек жетпей калганын белгилешти.
Айдоочулардын айрымдары убагында унааны мыйзамдаштыруу үчүн төлөнчү 50 миң сомду таба албай калышканын кошумчалашты.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып чет элдик номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу иши башталган.