Прокурор "Куликов" менен чырлашкан блогер Орозбековго 200 миң сом айып пул салууну өтүндү
Бишкектин Свердлов райондук сотунда 27-мартта тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековдун иши каралып, тараптар жарыш сөзгө чыкты.
Прокуратура блогерге жалпы жонунан 200 миң сом айып пул салууну соттон суранды.
Бул тууралуу адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун айтымында, кийинки отурум 1-апрелге белгиленди. Бул күнү сот чечим чыгарышы керек.
Блогер Айтилек Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы өз каналында...