Иран: Вашингтондун жашыруун өнөктөшү деген Калибаф ким?
Бул аптада АКШ президенти Трамптын администрациясы жашыруун түрдө Иран парламентинин консервативдүү спикери Мохаммад Бакер Калибафты сүйлөшүүлөрдөгү ыктымал өнөктөш, а балким өлкөнүн болочок лидери катары караштырып жатканы жөнүндө маалыматтар тарап кетти.