Иран АКШнын тынчтык планын четке какты
Иран АКШнын тынчтык планына кескин жооп кайтарып, ашыкча шарт коюлганын жана Тегеран согушту өзү каалаган учурда, талаптары аткарылганда гана токтоторун билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик Press TV телеканалы кабарлады.
Мунун алдында Вашингтон пакистандык ортомчулар аркылуу Тегеранга планын тапшырганы маалымдалган.
Документте америкалык расмий өкүлдөр соңку күндөрдө айтып келаткан негизги талаптар камтылган. Ага ылайык, Иран уран байытуудан жана өзөктүк курал чыгаруудан баш тартууга, баллистикалык...