Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаев абактан чыкты
Фейсбуктагы пикири үчүн соттолуп, камалган Эрнис Жээнтаев 26-мартта Бишкек шаар сотунун чечими менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Маалыматты Жээнтаевдин адвокаты Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" ырастады.
Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык соту 26-мартта Жээнтаевге тагылган айыптардын бири - Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды сактоо) боюнча аны толук актады. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин...