ӨКМ башчысы жээги кемирилген Чүй дарыясын бекемдөө иштери менен таанышты
Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун башчысы менен биргеликте Чүй дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилкелерди көрүп, жээк бекемдөө иштери менен таанышты.
Министр чектеш жайгашкан дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээги кемирилип баратканын көрүп, бекемдөө иштерин күчөтүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды. Чыныбаев жээктер бекемделсе айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын белгиледи.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй...