Акимбаева: Орусияда мигрант балдардын тесттен өтүүсүн жеңилдетүүнү сурандык
Жогорку Кеңештин Орусияда иш сапарда жүргөн депутаттары мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуудагы тестти жеңилдетүүнү орус тараптан суранышты. Бул тууралуу эл өкүлү Гүлнара Акимбаева "Азаттыкка" билдирди.
"Биз мигранттын балдары тапшырган тесттин шарттары менен таанышып, кандай тартипте бериле турганын көрдүк. Депутаттардын бири 8-класска ылайык тестти тапшырып көрдү. Аларга жеңил болгон менен биздин балдар аны түшүнбөй калышы мүмкүн. Төрт тапшырма берилет экен, ага 1 балл коюлат же жооп бере албайт деген баа коюлат экен.