Экс-депутат Шаирбек Ташиев ИИМде күбө катары суралып жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде (ИИМ) күбө катары суралууда. Бул тууралуу Ташиевдин тарапташы Орозбек Осмонов 26-мартта Фейсбуктагы өз баракчасына жазды.
"Акыркы күндөрү Ташиев Шаирбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат", - деп жазды ал.
Осмонов Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага...