ЕККУнун башкы катчысы Кыргызстанда аялдар саясатка кеңири катыша аларын белгиледи
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-мартта Европа коопсуздук кызматташык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн уюмдун өлкөдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, азыркы тапта Кыргызстанда уюм 22 долбоорду ишке ашырып жатканын айтты. Ошондой эле сот жана укук коргоо системаларын реформалоо...