УКМК "Оргтехстрой" ишканасынын издөөдө жүргөн башкы директору кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук комитети "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп 25-мартта билдирди.
Маалыматта аталган ачык акционердик коомунун 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырганы айтылат. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.