БУУ: Жакынкы Чыгышта карапайым эл олуттуу зыян тартууда
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк АКШ, Израил жана Иран аралашкан жаңжал Жакынкы Чыгышта карапайым калкка олуттуу зыян келтирип жатканын билдирди.
«Кагылышуулар башталгандан бери Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдү жана Иордания аймагындагы аскердик базаларды, турак жайларды жана энергетикалык объектилерди көп сандагы дрон жана ракеталар менен бутага алды. Соккулар жана дрондорду абадан жок кылуу аракеттеринен улам карапайым жарандар зыян тартып, ондогон...