Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 26 күн болду
Дүйнөдөгү интернеттин абалын көзөмөлдөгөн NetBlocks уюмунун маалыматына ылайык, Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 600 сааттан ашты. Өлкөдө 26 күндөн бери дүйнөлүк желе жок.
«Бул чара жарандарды эл аралык тармактардан ажыратып, согуш маалында маалымат алуу укугун бузууда», — деп билдирди NetBlocks 25-мартта X социалдык тармагы аркылуу.
Жыл башынан бери Иранда интернет экинчи жолу өчүрүлдү. Алгач 8-январда өлкө боюнча нааразылык акциялары күчөгөн учурда үзүлгөн.
Учурда интернет трафиги кадимки деңгээлге салыштырмалуу 1% чейин төмөндөп...