Трамп Ирандагы "керектүү адамдар" менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык администрация согушту токтотууга шарт түзүүчү келишимге жетүү үчүн Ирандагы "керектүү адамдар менен" сүйлөшүү жүргүзүп жатканын шейшембиде билдирди.
Трамп ирандыктар келишимге барууну аябай каалашарын белгиледи.
"Биз кимдер менен сүйлөшүү керек болсо, ошолор менен сүйлөшөбүз жана алар келишим түзүүнү абдан каалашат, алар муну канчалык эңсешерин сиз элестете да албайсыз", - деди америкалык лидер журналисттер менен маектешип жатып.
Трамптын сөзүнө караганда...