ӨКМ өлкөдө табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертти
Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) 31-мартка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Унаа жолдордо, айрыкча Бишкек – Ош, Балыкчы – Ананьево, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Бишкек – Торугарт, Нарын – Баетов, Ак-Тал – Казарман, Кочкор – Арал – Төө-Ашуу, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Көк-Арт, Дароот-Коргон – Чак-Жаш –Тилек жана башка унаа жолдордун бир нече чакырымдары кооптуу экени белгиленди.