Ормуз жабылып, Азияда газ менен күйүүчү май тартыш
23-мартта АКШ менен Иран ортосундагы ыктымал сүйлөшүүлөр тууралуу карама-каршы кабарлар түшкөнү мунай менен газдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бир туруп кескин төмөндөп, бир туруп кайра кымбаттап жатты. АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына 5 күн сокку урулбай турарын билдирген. Бирок ирандык медиа Вашингтон менен диалог болгонун төгүндөдү. Адатта геосаясий абалга дароо реакция кылган энергетика сектору Жакынкы Чыгышта согуш тутангандан бери кризиске батты.