БШК №21 округ боюнча Айдарбековго мандат тапшырылбай жаткан себебин айтты
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча бошогон орунга кийинки кезекте көп добуш алган Чыңгыз Айдарбековго эмне себептен депутаттык мандат тапшырылбай жаткан себебин түшүндүрдү.
Ал БШК талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.
"Депутаттык мандатка кезекте Чыңгыз Айдарбеков турат, ал талапкер боюнча ИИМден маалымкат күтүүдөбүз. Албетте, мурда дагы текшерилген...