Бишкекте Орусияга жумушка мыйзамсыз жиберген топтун ишине бөгөт коюлду
Кыргызстандыктарды Орусиядагы жумуштарга орноштуруу менен мыйзамсыз алектенген топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу атайын рейд учурунда Бишкектеги жаңы конуштардын биринен кыргызстандык жарандарды Орусияга ишке мыйзамсыз жиберип жүргөн деп шектелген адамдар аныкталган. Алардын эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес.