Ошто үйү сүрдүрүлгөн тургундар мэриядан кенемте талап кылууда
Ош шаарында үйү сүрдүрүлүп, муниципалдык ипотекалык компаниянын үйүнө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө 24-мартта мэриянын алдына чогулуп, кенемте талап кылышты. Алар бузулган үйлөргө баалоо жүргүзүп, жаңы батирлердин суммасынан чыккан айырманы төлөө тууралуу буга чейин сөз болбогонун айтып жатышат.
Ипотекалык үйгө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда үйлөрдү башма-баш алмаштырып, эч кандай кошумча акча төлөө маселеси айтылбаганын билдирүүдө. Алардын бири Дилмурат...