Акыйкатчы улгайган жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын сактоого чакырды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды социалдык стационардык мекемелерде жашаган карылардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын сактоого чакырды.
Омбудсмен институтунун 24-марттагы маалыматына ылайык, укук коргоо мекемесинин Кыйноолорду алдын алуу борбору Чүй облусундагы Нижняя Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнө мониторинг жүргүзгөн.
Мониторинг учурунда пансиондогу карыялардын укуктарынын сакталышы, жашоо шарттары жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар текшерилген. Жыйынтыгында...