Индиялык студент 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелүүдө
Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде окуган индиялык студент кыз жердештерин жалпы 3 млн сомго алдаган деп шек саналып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал" деп аталган иш-чара учурунда 24 жаштагы студент кыз кармалып, камакка алынды. Ал өзүнүн мекендештеринен Индиянын улуттук валютасы - рупийди долларга алмаштырып берем деп, сомго айландырганда 35 миң сомдон 243 миң сомго чейинки акчаларын алып, кайра берген эмес.