Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
24-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунун батыш тарабында 15-20 метрге чейин жетет.