Журналист Махабат Тажибек кызы абактан бошотулду
Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы 23-мартта эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыкты. Ал Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү мекемесинде кармалып турган.
Ал мындай чечимге түрткү берген эл аралык уюмдарга, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди.
“Жети жыл бою иликтөөлөрдү жасап келдик. Эми мындан ары алдыга кадам таштап, балким, эл аралык иликтөөлөргө баш багабыз. Бүгүн уулума, апама, бир туугандарыма жолугам.