Араванда депутат мыйзамсыз кумаркана уюштурууга айыпталып кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Араван районунда айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз кумаркана уюштурганы аныкталганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Аравандагы Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. аталган райондогу Жар-Кыштак айылында тиешелүү лицензиясы жок, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Кумаркана жайгашкан дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү учурунда интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 компьютер...