Бишкектин Ленин райондук сотунда Тажибек кызынын иши карала баштады
Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашык убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумушчу тобуна ыраазычылыгын билдирди.
Журналист бул тууралуу 23-мартта, Бишкектин Ленин райондук сотунда жараянга онлайн катышардын алдында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Махабат Тажибек кызы өзүнүн иликтөөлөрү журналистиканын эл аралык стандарттарына шайкеш жасалганын белгиледи.