Манас шаарындагы филармонияга деген каражат мектептерди оңдоого жумшалат
Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлиги Жалал-Абад облусунда 27 мектеп авариялык абалда турганын белгилеп, Манас шаарындагы филармонияга эсептелген каражат мектептерди оңдоп-түзөөгө жумшаларын белгиледи.
Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта филармонияны курууга караганда авариялык мектептерди оңдоо маанилүү экени айтылган.
"Мектептер оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турган чакта Манаста 6,8 млрд сомдук эң чоң филармония куруу максатсыз. Андан көрө каражатты бүгүнкү...